Мэрия: Бүгүн кечке чейин унаа боюнча жагдай калыбына келет
Бөлүшүү:
Бишкекте бүгүн кечке чейин унаа боюнча кырдаал калыбына келет. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Геннадий Милицкий билдирди. Анын айтымында, бүгүн эртең менен баардык 120 каттамдын линиялары боюнча аз сандагы маршруткалар элди тейлөөгө чыкты.
Мэрия өкүлдөрү менен милициянын 16 тобу менен айдоочуларды колдоп, кандайдыр бир провокация болуп кетпеш үчүн коштоп жүрөт.
Эскерте кетсек, кечээ 2-апрелде Бишкекте маршрутканын айдоочулары камсыздоо полисин төлөбөйбүз деп нааразы болуп иш таштоого кылышкан. Шаарда унаа коллапсы пайда болду.
Ссылка: https://barometr.kg/content13057
Добавить комментарий ×