Мамлекеттик салык кызматынын орун басары камакка алынды
Бөлүшүү:
Кыргызстанда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.
Салыкчыны кармоо жеке фирманын кошумча нарк салыгын республикалык бюджеттин эсебинен толтурганы үчүн козголгон кылмыш ишинин алкагында болду.
Буга чейин чекисттер атайын операция жүргүзүп жасалма документтер менен мөөрлөрдү алышкан. Ошондой эле 217 миллион сомду мыйзамсыз чыгарып кетүү жана уурдоо фактысынын бетин ачышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/content13044
Добавить комментарий ×