Темирбек Ажыгулов JIA бизнес ассоциациясынын төрагасы болуп шайланды
Эл аралык ишкер кеңештин мурдагы директору Темирбек Ажыгулов JIA бизнес ассоциациясынын төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу чечим ассоциация мүчөлөрүнүн жалпы жыйынында кабыл алынды.
JIAдан кабарлашкандай, жыйынга 180 ишкер катышты. Ошондой эле башкаруунун жаңы мүчөлөрүн шайлашты. JIA бизнес ассоциациясынын мүчөлөрүнүн уставына ылайык, ар бир эки жылда жаңы башкаруу мүчөлөрү шайланат.
Башкаруу курамына төмөнкүлөр кирди:
- Семетей Омургазы уулу; Жаңылсынзат Турганбаева;
- Жодар Сайдилканов;
- Кантемир Амитов;
- Жеңишбек Омурзак уулу;
- Нарбек Абдуллаев;
- Урмат Акматов;
- Муратбек Бейшенбаев;
- Алмазбек Шарабидинов;
- Шатман Борбоев.
Маалымат үчүн
Темирбек Ажыкулов –“Бейонд Инвестмент Групп” консалтинг компаниясынын бирге негиздөөчүсү. Эмгек ишмердигин эл аралык консалтинг компаниясында инженер-куруучу болуп баштаган. Тоо кен өнөр жайында жаңы долбоорлорду ишке киргизүүгө катышкан. Кыргызстанда иштеген эл аралык мунай газ компаниясында башкы директору болуп эмгектенген.
Билими: Кыргызстандын эл аралык университети. Быйыл Сингапурдагы Улуттук университеттин Ли Кван Ю атындагы мамлекеттик башкаруу мектебин аяктап жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content1303
Добавить комментарий ×