Бишкекте ийнине ок жеген баланын абалы канааттандырарлык
Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы маалымдады. Башкармалыктын басма сөз катчысы Адыл Оморовдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, 30-мартта Бишкектеги №38 орто мектептин 8-классынын окуучусу кокусунан классташын атып алган.
«Ыкчам-тергөө тобунун маалыматына ылайык, окуучу мектепке байкесине таандык куралды алып келген. Аны классташына көрсөтүп жаткан кезде тапанча атылып кетип, классташынын оң ийнине тийген. Бала 3-ооруканага жеткирилген. Учурда тергөө тарабынан баланын колуна тапанча кантип тийип калганын аныктоо иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары өспүрүмдөр менен иш алып баруучу инспекция кызматтык иликтөө жүргүзүүдө»,-деди Оморов.
Окуучу балдардын мектепте курал алып жүрүшүнө байланышкан окуялар мурда катталган эмес.
№38 орто мектептин окуучулары жанаша жайгашкан Олимпиадалык резерв мектебинин окуучулары менен жаңжалдашкан учурлар катталып келет.
Ссылка: https://barometr.kg/content13009
Добавить комментарий ×