Күйүүчү май ташыгандар митингге чыкты

2 апрель 2018 13:57 536 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Сосновка» көзөмөл-өткөрүү бекетинде жүк унааларынын тыгыны пайда болду. Күйүүчү май ташыган унаалар иш таштоого чыкты.  Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттигине Жүк ташуучулар ассоциациасынын башчысы  Чолпонбек Жанбаев билдирген.   

Анын айтымында, жүк ташуучулар 1-апрелден баштап кооптуу жуктөргө камсыздандыруу болбогон учурда айып төлөөдөн баш тартышууда. Алардын пикиринде бул коррупция үчүн жол ачат.     

Эскерте кетсек, камсыздандыруу расмий түрдө 1-сентябрдан баштап киргизилген. 1-апрелден баштап камсыздандыруу полиси жок айдоочулар айып пул төлөмөк.  

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13003



Добавить комментарий