“Ак ордодо” сөөгү табылган кыздын өлүмүнө шектүү таанышы кармалды
Чүй областынын Сокулук районунда аялдын өлүмүнө байланыштуу кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Чүй областынын ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Буга чейин Ак-Ордо жаңы конушунан болжол менен жашы 25-30дар чамасындагы аялдын сөөгү табылган.
Милиция кызматкерлери каза тапкан кыз 26 жаштагы Талас областынын тургуну Н.А экенин аныкташкан.
Бул ишке шектүү делип Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринде жашаган 25 жаштагы Т.Б. кармалды. Учурда ал камакка алынды.
Кылмыш өткөн жылдын декабрь айынын башында болгон. Жаштар уруша кетишип жигит кызды өлтүрүп таштаган. Кылмышты жашыруу максатында сөөктү жаңы конуштардын бирине алып барып таш менен көмгөн.
Учурда тергөө башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/content12942
Добавить комментарий ×