Жубайынын дубасы менен сүйүүсү аялын өлүмдөн кайтарып келди (видео)

30 март 2018 16:49 2160 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2017-жылы 1-октябрда Невада штатындагы Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан “Route 91 Harvest Music Festival” иш-чарасында киши өлтүргүч ок чыгарып 48 адам өлүп, 841 киши жаракат алган.

Жаракат алгандардын катарында 30 жаштагы Джованна Кальзадильяс да болгон. Ал жолдошу Франсиско (Фрэнк)   Кальзадильяс менен фестивалда жүргөн учурунда башына ок тийген.

Аялды жакынкы ооруканалардын бирине жеткиришкен, бирок дарыгерлер анын жашап кетишине эч кандай мүмкүндүк жок дешкен.

Башынан окту операция жасап алгандан кийин аял бир нече күн жасалма аппаратта жаткан.

 Фрэнк эмне кыларын билбей калган. Дарыгерлер ага аялыңды аппараттан өчүрүү чечимин кабыл ал дегенде бир күн болсо да күтө турууну суранган.

Бул түнү Фрэнк Кудайга жалынып катуу дуба кылгандан кийин аялы тууралуу аян түш көргөн, аялы ага түшүндө келип “баары жакшы болот” деп айткан.

Эртеси күнү ойгонгон жигит аялын аппараттан  эч качан өчүрбөө чечимин кабыл алган.

Дарыгерлердин баарын шок кылып Джованна эсине келген жана айыга баштаган.

  “Жубайым катуу жаракат алган бирок биз дуба кылдык жана ал айыгып кетти”,-дейт Аризонанын Солт-Ривер шаарында полиция департаментинде офицер болуп кызмат өтөгөн Фрэнк.

 Джованна учурда болгон күчү менен мурдагы калыбына келүүгө аракет кылып андан тышкары бул трагедиянын курмандыктарына жакшылыктан үмүт үзбөөнү үндөгөн пресс жыйындарды берип келет.  

“Мен үй-бүлөм үчүн айыгууга аракет кылам”,-дейт Джованна.

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12939



Добавить комментарий