Быйыл Бишкектеги ондон ашык жаңы конуштарга газ киргизилет
Бөлүшүү:
2018-жылы Бишкекте ондон ашуун жаңы конуштарга газ киргизүү каралууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта парламенттин КСДП фракциясынын жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Бакыт Дюшембиев маалымдады.
Жыйында экологиялык коопсуздук маселеси талкууланды.
““Газпром” менен газдаштыруу иштерин алып барып жатабыз. Быйыл ондон ашык жаңы конушка газ киргизүү каралууда, мындан улам абаны булгап жаткан көмүр колдонуу кескин кыскарат”,-деп айтты вице-мер.
Ссылка: https://barometr.kg/content12925
Добавить комментарий ×