Кыз каргаларга тамак берчү, соңунда күтүүсүз окуя болду (фото)

29 март 2018 17:48 4284 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Адамдар менен куштардын ортосундагы жакшы көрүү сезими абдан эле сейрек учурда болот. Бирок  8 жаштагы Габи Манндын окуясы өзгөчө. 

Окуя кокусунан башталган. Бир жолу кыз унаадан түшүп баратып колундагы чоң кутудагы печеньесин түшүрүп  чачып алган. Бир аздан кийин каргалар келип аны жешкен. Аларга тамак бергенди жактырып калган кыз мектепке ала барчу тамагын бөлүшүп күнүгө каргаларга бере баштаган. Муну байкаган Габинин апасы каргаларды өзүнүн короосунан тойгузууну чечкен.

 Ушундан тартып кыз ар күн сайын ата-энеси атайын жасап берген идиштерге каргалар үчүн таза суу, тазаланбаган жер жаңгак жана башка даамдарды салып турган.

Каргалар муну байкашып тамактанышарда кызга ар түрдүү жалтырак шөкөттөрдү ташып келе башташкан-алардын арасында сөйкөлөр, чынжырчалар, топтор, айнектер ал тургай “Мыкты” деп жазылган темирдин сыныгы, кыздын апасы бир аз мурда жоготуп алган фотокамеранын объективинин капкакчасы да бар.

Габи Манн каргалардын ”ыраазычылык белегин” атайын контейнерде сактайт. Арасында кыздын эң жакшы көргөнү –бермет жүрөкчө. Ошентип кыздын боорукердигине жан-жаныбарлар дагы ыраазычылык билдиришүүдө. Ал эми сиз жакынкы күндөрдө кимдерге кайрымдуулук кылдыңыз эстеп, колуңуздан келсе жакшылыңыгызды аябай жүргөнгө, башка бирөөнүн жакшы аракеттерине ыраазычылык кылганга аракет кылыңыз!

Ссылка: https://barometr.kg/content12905



Добавить комментарий