Унаалардын өзгөчө номерлеринин баасы арзандады

29 март 2018 15:49 638 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзгөчө цифрадагы номерлердин баасын арзандатуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Тиешелүү жарлыкка өкмөт башчы Сапар Исаков кол койгон.

“Онлайн-аукцион аркылуу автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу өлкөнүн санариптик трансформация боюнча жалпы улуттук «Таза коом» Программасынын максаттарына жана маселелерине дал келет.

Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилеринин бааларын түшүрүү жалпы калкты жеткиликтүү номурдук белгилер менен камсыз кылуучу шарттарды түзүүгө, ошондой эле калкка цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин алууда көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган”,-деп айтылат өкмөт тараткан маалыматта.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12901



Добавить комментарий