Абайлаңыз! Акча көбөйтүп берем деген аял кармалды

29 март 2018 12:33 840 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери  мыйзамсыз түрдө сетевой маркетинг түзүп жарандарды алдап жүргөн аялды кармашты. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкармалыгы кабарлады. 

Панфиловка айылынын тургуну ички иштер органдарына 19-январда арыз менен кайрылган. Ал чала тааныш аял 2017-жылы сентябрь айында түйүн маркетингинин сайтына каттоодон өткөрүп 66 миң сомуңду 120 миң сом кылып берем деп алдап алганын айтып арыз берген.

Бирок аял убада кылган акчаны бербей качып кеткен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп жети кишини аталган сайтка каттаган 53 жаштагы аял кармалды. Аял учурда камакка алынды.

Ссылка: https://barometr.kg/content12889



Добавить комментарий