Окумуштуулар адамдын денесинен жаңы орган табышты
Американын окумуштуулары адамдын денесинен буга чейин медицина илимине белгисиз органды табышты. Ал органдарды урунуудан коргогон функцияны аткарып турат го деп болжолдонууда. Бул тууралуу Scientific Reports булагы жазды.
Ачылыш кокусунан болгон. Эндоскопия учурунда дарыгерлер бейтаптын ашказан-ичеги жолдорун текшерип жатышып бир нече түйүнгө бөлүнгөн каналдары бар бир түрдүү ткандарды таап алышкан. Бул суюктук толтурулган капилярлар эмес таптакыр башка нерсе болгон.
Дарыгерлер мындай ткандарды башка адамдардан издей башташкан. Бул ткан түрүндөгү орган дененин баардык бөлүгүндө жайгашып суюуктуктун бештен бир бөлүгүн кармап турат.
Аталган каналдар рактын пайда болушуна жана суук тийип ооруп калууга көмөкчү боло турганы аныкталды.
Бул органдын буга чейин белгилүү болбогон себеби изилдөө маалында суюктуктар ткандардан чыгарылып ташталгандыктан каналдарды түзгөн калогенн жипчелери бузулуп калып билинбей калчу экен.
Ссылка: https://barometr.kg/content12860
Добавить комментарий ×