Кыргызстандыктарды фургонго жүктөп бара жаткан айдоочу кармалды

28 март 2018 13:20 2801 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын Магнитогорс областында Россияга 20 мигрантты жашыруун алып бара жаткан автофургон кармалды. Бул тууралуу «Синегорье» порталы кабарлады.

Фургонду автоинспекторлор 27-мартта Южноуральск — Магнитогорск трассасында токтотушкан.

47 жаштагы кыргызстандык айдоочу 20 кыргызстандыкты салып бара жаткан. Алар Россиянын чегине мыйзамсыз өтүшкөн.

Айдоочу жана кармалган жарандар полиция бөлүмүнө жеткирилди.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12856



Добавить комментарий