28-март: көп аймактарда жамгыр жаайт, температура төмөндөйт
28-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде, тоолуу райондорго кар жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын болот. Тоолуу унаа жолдоруна муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 11...16,
Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 11...16,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4...9, күндүз 14...19,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1...+4, күндүз 7...12,
Нарын облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 7...12,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9...-14, күндүз 0...-5°.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…7, күндүз 13…15 градуска чейин жогорулайт.
Ссылка: https://barometr.kg/content12839
Добавить комментарий ×