33 жаштагы жигит уулуу жылан менен өбүшөм деп каза тапты (фото)
Малайзиянын 33 жаштагы тургуну Абу Зарин Хуссин кобра менен өбүшүү трюктары боюнча атактуу болгон эле. Чындыгында эле ал эч бир жалганы жок кадимки уулуу кобраларды өпчү.
Хуссин өрт депуартаментинин атайын бөлугүн жетектеген, бул бөлүк айыл жеринде уулуу жыландарды кармап жок кылуу менен иш алып барат. Жигитти буга чейин бир нече ирет жылан чаккан, 2015-жылы ал эки ирет ууланып комага түшкөн.
“Жыландын уусу ушунчалык катуу ооруткандыктан аны сүрөттөп айтып берүүгө сөз жетпейт”,-деген Хуссин.
Ал жылан кармагычтарды үйрөтүп, ал тургай “Азия таланттарды издейт” шоусуна дагы катышкан.
Бирок Хуссиндин акыры жолку жылан оюну жаман аяктады. Бентонг шаарында кезектеги трюк учурунда аны кобра тиштеп салган, Хуссин бир нече күн комага жатып каза тапты.
Ссылка: https://barometr.kg/content12824
Добавить комментарий ×