Баткенге 100 жүргүнчүсү бар учак коно албай калды

27 март 2018 14:46 3243 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 27-мартта Бишкек-Баткен каттамындагы учак Баткен областына жетпей кайра кайтты. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан кабарлашты.

Буга аба ырайынын начар болушу себеп болгон. “Tez Jet" авиакомпаниясынын 107-каттамдагы учагы саат 11:15те Бишкектен учуп, 12:13дө кайра “Манас” аба майданына келип конду.

Баткенде жамгыр жаап, учакты кондурууга шарт начар болгондуктан учак Жалал-Абад аймагынан кайра тарткан.  

Учакта жүзгө жакын жүргүнчү болгон.  

Ссылка: https://barometr.kg/content12822



Добавить комментарий