Айдоочу каза тапты, өткөн кеткендер чачылган кесмени талап алышууда
Бөлүшүү:
Россияда Сызрань шаарында Өзбекстандан тез даярдалуучу кесме алып бара жаткан фура кырсыкка кабылган. Бул тууралуу syzran-small.ru. булагы кабарлады.
Жол кырсыгынан айдоочу каза тапты. Кыйраган фуранын жанынан өткөндөр уялбай этпей эле токтошуп кесмелерди алып кетишүүдө. Бул социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратты.
Кырсык 22-мартта болгон, үч жүк унаасы кагылышкан.
Авариядан кийин эки күн бою эл кесмени активдүү түрдө ташып кетишти.

Ссылка: https://barometr.kg/content12821

Добавить комментарий ×