Кыргызстандын жаш футболчулары Санкт-Петербургга “Достук үчүн футбол” фестивалына барат
Кыргызстандын жаш футболчулары Санкт-Петербургга “Достук үчүн футбол” фестивалына барат.
Фестивалды уюштуруучулар кабарлашкандай, быйыл катышуучулардын географиясы кеңейтилген, катышуучу өлкөлөрдүн саны эки эсеге-32ден 64кө чейин көбөйгөн.
Алгачкы ирет “Достук үчүн футболго” Мексика жана АКШдан балдар катышмакчы. Мындай жол менен долбоор төрт континеттин-Африка, Евразия, Түндүк Америка жана Түштүк Кореянын жаш футболчуларынын башын бириктирди. Ошондой эле быйыл форумду өткөрүү форматы дагы өзгөртүлдү- ар түрдүү өлкөлөрдүн футбол клубдарынын ордуна жаш футболчулар улуттар аралык сегиз курама командага биригишти.
Белгилей кетсек, бешинчи фестивал Россиянын Санкт-Петербург шаарында 26-июндан 3-июлга чейин болот.
Эскерте кетсек, өткөн жылы Кыргызстандан “Достук үчүн футбол” фестивалына "Газпром" компаниясы тарабынан уюштурулган балдар командалары катышкан. Фестивалга 2003-жылы туулган “Дордойдун” жаш оюнчулары барып келишкен. Форумдун учурунда жаш футболчулар УЕФА чемпиондор лигасынын финалдык матчын өз көздөрү мнен көрүп, Италиянын Милан шаарында 28-майда "Сан-Сиро" аренасында өткөн испаниянын "Атлетико" жана "Реал" клубдарынын ортосундагы оюнга күбө болушкан.
Ссылка: https://barometr.kg/content1282
Добавить комментарий ×