Чолпон-Атадагы ат майданын оңдоого 10 млн сом бөлүнөт

27 март 2018 11:08 475 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өкмөт Жогорку Кеңешке Чолпон-Атадагы ат майданын  оңдоого 10 миллион сом бөлүү боюнча маселени кароону сунуштады. Оңдоо иштери Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүнүн алкагында болмокчу.  

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, парламенттин бюджет жана финансы комитети бул сунушту колдоп берди.

Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоо иштери 2014-жылы июлда башталган жана сентябрь айында аяктамак. Курулуш эки айга гана созулгандыктан долбоордун сметасы түзүлгөн эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/content12815



Добавить комментарий