Бишкектин борбордук көчөлөрүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет

27 март 2018 10:31 534 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстан менен Индиянын футболдук беттешине байланыштуу бүгүн, 27-мартта Бишкектеги эки көчө жабык болот. 

Жол коопсуздугун уюштуруу башкы башкармалыгы кабарлагандай, кечки саат 5тен 10го чейин Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен тартып Жибек Жолуна чейинки бөлүгү жабылат. Ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн тартып Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаа кыймылы токтотулат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12810



Добавить комментарий