26-март: мезгил-мезгили менен жаан жаайт
Кыргызстанда 26-мартта күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кечке маал жаан жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 15...20; Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 15...20; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 18...23; Баткенде түнкүсүн 11...16, күндүз 18...23; Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 14...19; Нарын облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 12...17 градуска чейин жогорулайт. Бишкекте 26-мартта күндүз жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12...14, күндүз 18...20 градус жогору болот.
Ссылка: https://barometr.kg/content12761
Добавить комментарий ×