Курбусунун акчасын уурдап, изин жашырыш үчүн өзүнүн бетин өзү кайчылады
Бөлүшүү:
Россиянын Волгоград шаарынын 20 жаштагы тургуну курбу кызынан 40 миң рублин уурдап алган жана андан кийин өзүнүн бетин кайчы менен тилген. Мындай жол менен ал кылмышын жашырууга аракет кылган. Бул тууралуу Lenta.ru кабарлады.
22-мартта полицияга жергиликтүү тургун кайрылып, анын квартирасына белгисиз эркек эки курбусу менен келип, бычак сайып коңшусуна тиешелүү сумкадагы 40 миң рублди жула качып кеткенин айтып арыз берген.
Укук коргоочулар келип каракчылык менен кол салуу болбогонун аныкташты.
Алар арыз берген кыздын өзү акчаны уурдап, анан изин жашыруу максатында бети колун маникюр жасаган кайчы менен кескилеп салганын сурак учурунда билип чыгышты.
Ссылка: https://barometr.kg/content12750
Добавить комментарий ×