23-март: нөшөрлөгөн жамгырлар жаайт

23 март 2018 07:42 785 Barometr
Бөлүшүү:
ok

23-мартта көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде нөшөр болот. Күн күркүрөшү ыктымал. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 12...17, Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 12...17, Баткен облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 13...18, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7...12, күндүз 13...18, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13, Нарын облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 7...12, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11...-16, күндүз 0...5°. Бишкек шаарында мезгил-мезгили жамгыр жаайт. Түнкүсүн 9…11, күндүз 15…17°.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12703



Добавить комментарий