Биринчи жолу гемофилия менен ооруган жигитке операция жасалды

22 март 2018 13:40 833 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда 20-марта алгач ирет гемофилия менен жабыркаган бейтапка эндопротездөө (муундарга имплант салуу) боюнча операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бейтап Аскат Букарбаевдин айтымында, ал абдан тынчсызданган. Оперция эки жарым саатка созулган. Учурда бейтап өзүн жакшы сезип жатат.

Эскерте кетсек, Аскат Букарбаев биринчи топтун майыбы жана үй-бүлөсү менен вагондо жашайт. Ал экс-президент Алмазбек  Атамбаевге жолуксам, үй сурасам деп абдан кыялданган. Азырынча кыялы орундай элек.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12686



Добавить комментарий