22-март: күн ачык, абанын температурасы +26 градус болот
Бөлүшүү:
22-мартта Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 21...26, Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 21...26, Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5...10, күндүз 21...26, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз 10...15, Нарын облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 10...15, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10...-15, күндүз 0...-5°. Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 8…10°, күндүз 23…25°.
Ссылка: https://barometr.kg/content12662
Добавить комментарий ×