Шашылыш билдирүү. 28-апрелден 1-майга чейин мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт

27 апрель 2017 17:40 545 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Шашылыш билдирүү. 28-апрелден 1-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралу бугун, 27 апрелде, Кыргызгидромет кабарлайт.

28-29-апрелде Талас өрөөнүндө, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен областарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 28-апрелден 1-майга чейин абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө 8…13°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 10…15°, Ысык-Көл ойдуңунда 7…12°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 4…9°, тоолуу райондордо 0…5° жылуу, бийик тоолуу райондордо -1…-6° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Апрелдин 29-нан майдын 1-не чейин Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2° суукка жеткен үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.

2017-жылдын 27-апрелинен 1-майына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош авто унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 132-136 чакырымдары, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265 чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя авто унаа жолунун 71-74 чакырымдары, Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдары, Барскоон-Ак-Шыйрак авто унаа жолунун Барскоон жана Сөөк ашуусунда (60-68 чакырымдары), Бишкек-Нарын-Торугарт авто унаа жолунун (Долон ашуусу) 289-291 чакырымдары, Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94 чакырымдары, Балыкчы-Казарман альтернативдик авто унаа жолунун Көк-Арт ашуусунун түштук парталы (339-341 чакырымдары) жана түндүк порталы (325-334 чакырымдары) ошогндой эле Кочкор районунун Сары-Булак-Соң-Көл авто унаа жолунун (Калмак-Ашуу ашуусу) 33-чакырымында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

2017-жылдын 27-апрелинен 1-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү жана дарыяларда суунун дэңгээлинин көтөрүлүшү күтүлөт.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content1266



Добавить комментарий