Николя Саркози камакка алынды

20 март 2018 16:25 424 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Франциянын экс-президенти 2007-жылы анын компаниясын Ливиянын каржы менен камсыздандыруу ишине байланыштуу жоопко тартылып жатат. Полиция Саркозини 48 саат камоодо кармашы мүмкүн.
20-март күнү полиция Франциянын мурунку президенти Николя Саркозини камоого алды. Бул тууралуу “Reuters” маалымат булагы сот булактарына шилтеме жасап билдирет. Басылманын билдирүүсү боюнча, Саркози анын шайлоо компаниясынын каржылоосуна катыштуу кармалган. Азыр Нантерре участогунун полициялары аны суракка алып жатышат.
«Николя Саркозиден 2013- жылдын апрель айында ачылган ишке байланыштуу алгачкы жолу суракка алынып жатат»,- деп билдирет ММК басылмалары.
Ошондой эле, Саркози 2012-жылы шайлоо алдында компанияны мыйзамсыз каржылаганы үчүн да айыпталып жатат.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content12634



Добавить комментарий