БУУ 2050-жылы суу тартыштыгы болоорун эскертти
Бөлүшүү:
“Жер шаары суунун кир болушунун кесепетинен 2050-жылга карата болжол менен 5 млрд адам суу менен начар камсыз болгон аймактарда жашашат. Бул жөнүндө БУУнун Суу каражаттары жөнүндөгү бүтүндөй дүйнө жүзүнүн форумунда маалымдалды”,-деп билдирет “Корреспондент” порталы.
“Биз элдин санынын өсүүсү менен климаттын өзгөрүлөрүнө байланыштуу проблемаларды чечүү үчүн сууну пайдалануунун жаңы ыкмаларын киргизүүнү колго алышыбыз керек. Эгер эч бир чара колдонбосок, анда Жер бетиндеги болжол менен 5 млрд адам 2050-жылы суу менен начар камсыз болгон аймактарда жашап калат”,- деди ЮНЕСКОнун башкы директоры Одри Азуле.
Баяндаманын авторлору тазалоо куралдары, суу түтүктөрүн салуу менен чектелип калбай, суу ресурстарын колдонуу проблемаларын чечүү үчүн экологиялык таза долбоорлорду колдонууну сунуштайт. Аларга отургузулган бактардын көлөмүн көбөйтүү, топурактын сапатын жакшыртуу жана жамгыр сууларын колдонууну мисал келтирди.
Ссылка: https://barometr.kg/content12632
Добавить комментарий ×