Жер алдында өсүп, 150 жылдан бир гүл ачкан сыйкырдуу гүл табылды

19 март 2018 16:31 954 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Борнео аралындагы тропикалык токойлордо 150 жылда бир гүлдөй турган Thismia neptunis өсүмдүгүн табышты. Бул тууралуу  Phytotaxa журналында жарыяланды. 

Thismia neptunis-таң калыштуу гүл. Көп жылдар бою ал жер алдында  өсүп турат жана гүлдөөрүнө бир нече апта калганда гана топурактын кыртышынан көтөрүлөт. Ошондой эле анын бийиктиги 9 сантиметрди гана түзөт.   

1866-жылы италиялык ботаник Одоардо Беккари Малайзиядан бул гүлдү таап жана аны жаңы түр катары документке тиркеген. Ошондон бери гүлдү эч ким көргөн эмес.

2017-жылы Чехиянын окумуштуулар тобу Thismia neptunis гүлүн кокусунан таап алышты.

“Бул аңызга айланган гүлдү алгачкы жолу сүрөткө тартып жатабыз”,-деп жазды журнал.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12581



Добавить комментарий