20-марттан баштап милиция күчөтүлгөн режимде иштөөгө өтөт
20-мартта Ички иштер министрлигинин жеке курамы күчөтүлгөн режимде иштөөгө өтөт Алар күнү-түнү ыктыярдуу отряддар менен иш алып барышат. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
15-марттан баштап республика аймагында укук бузууларды жана жол коопсуздугунун эрежелерин бузууну алдын алуу багытында атайын иш-чаралар жүрүүдө. Ал эми, 20-марттан баштап Кыргыз Республикасынын ИИМдин бөлүмдөрүнүн өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшүп, элдик кошуундарды тартуу менен күн-түн кызматта болушат. Ушунун негизинде, өзгөчө маанилүү жана стратегиялык обьекттер, мамлекеттик мекемелер көзөмөлгө алынат.
Ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын арасында мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти бузбоо максатында кошумча сабактар өтүлүп, өздүк курам кызматтык милдетин аткаруу учурунда мыйзамдын жана кызматтык тартиптин бузулбашына өзгөчө маани берилет.
Жакында иштелип чыккан пландардын негизинде ыкчам-алдын алуу мүнөзүндөгү атайын иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Ички иштер органдарынын облустук жана шаардык башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, райондук бөлүмдөрүнүн нөөмөт бөлүмүндө ыкчам-тергөө тобунун күчөтүлгөн нөөмөтү уюштурулду.
Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн ички иштер органдарынын бардык бөлүмдөрүнүн күчү жана каражаттары эсептелди.
Майрамды өткөрүү учурунда Бишкек жана Ош шаарларынын аянттары, эс алуу жайлары, сейилдөө бакчалары, андан сырткары, облусттардын, райондордун борборлору, элдер көп жайгашкан аймактар көзөмөлдөнөт.
Кыргыз Республикасынын ИИМи жарандарды коопсуздук чараларына жана өткөрүү эрежелерине түшүнүү менен мамиле кылып, этият болууга чакырат.
Шектүү предметти байкап калган учурда өз убагында жакынкы милиция бөлүмдөрүнө же “102” кызматына кабарлап коюңуздарды билдирет.
Ссылка: https://barometr.kg/content12573
Добавить комментарий ×