Кыргызстанда таштанды полициясын түзүү сунушталды
Өкмөт тазалыкка карай турган муниципалдык полиция түзүш үчүн мыйзамдарга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин колго алышы керек. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов айтып чыкты.
Анын айтымында, ар кандай ишембиликтер, жашылдандыруу боюнча акциялар өткөрүлүп жатканына, аткаминерлердин өлкөнү таза кылуу боюнча аракеттерине карабай Кыргызстан таштандыга толуп бара жатат.
“Акциялар бул жакшы нерсе бирок ишембиликтен ары эч нерсе жасай албай жатабыз. Ишембиликтер отчеттордой формалдуу болуп калууда. Мен абдан таасирдүү механизмди сунуштайт элем. Таштанды полициясын түзүү бул маселени чечүүдө жакшы варинаттардын бири”,-деп билдирди Дастан Бекешев.
Ссылка: https://barometr.kg/content12567
Добавить комментарий ×