Дача СУ айлында кыйраган учак. Жабыркагандарга кыргызстандыктар чогулткан каражатты которушту
Авиакырсыктан каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандарына жардам берүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин атайын эсебине түшкөн каражат 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунда болгон «Боинг-747» авиакырсыгынан каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандарынын персоналдык банктын эсебине которулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты. Кабарда айтылгандай, ӨКМнын атайын эсебине калк тарабынан 100 млн 499 миң 300 сом түшкөн. “Жабырлануучулардын өздөрүнүн өтүнүчү боюнча, аларга бөлүнгөн финансылык каражат, алардын талаптары боюнча ар кандай чыгымдарына төлөнүү үчүн, ар биринин жеке банктык эсебине которулду.Ошондой эле жабырлануучулардын өздөрүнүн өтүнүчү боюнча, ар кандай механизмдерге жол бербөө үчүн, үй сатып алуу үчүн бөлүнгөн каражаттарды башкаруу мамлекеттик комиссия тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Турак-жай сатып алууга каражат берилгендигине байланыштуу, каза болгондордун жана жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүн мамлекет тарабынан каражат төлөп убактылуу жайгаштыруунун зарылдыгы жок. Буга байланыштуу алар менен макулдашылып, алар жашаган убактылуу турак-жайлар бошотулат”,-деп айтылат маалыматта. Эскерте кетсек, 2017-жылдын 16-январында эртең мененки саат 7.17де Түркиянын ACT Airlines (MyCargo) авикомпаниясынын Boeing-747-400F учагы Гонконг-Стамбул багытында бара жатып Бишкекке конгондо кыйроого учураган. Учак Дача-СУ суу айылынын тургундарынын үйлөрүн талкалап кеткен. Авиа кырсыктан улам 39 адам каза таап, 26 үй кыйраган. Кырсыктан кийин кыргызстандыктар жабырлануучуларга кийимдерди, акчалай каражаттарды күн сайын алып келип турушкан. Баардыгы болуп ӨКМнын эсебине 100, 5 млн сомдон ашык каражат топтолгон.
Ссылка: https://barometr.kg/content1255
Добавить комментарий ×