Ачуусуна тийген аялын таштанды челекке ыргытып кетти (видео)

17 март 2018 11:59 2020 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аялынын жаман-жүрүм турумунан жадаган эркек аны таштанды челекке таштап кеткен.

Новосибирскинин тургуну үйүнө келген кезде аялы баңги чегип алганын көргөн жана  ачуусу келип таштанды челекке салып кеткен. Өтүп бараткан адамдардын бири таштанды контейнеринде отурган аялды видеого тартып алган.

Аялын коңшуларынын айтымында, ал баңгизатына берилип, жүрүм туруму да бузулуп кеткен. 16-мартта чыдамы түгөнгөн күйөөсү аны квартирадан чыгарып, андан кийин таштандыга жеткирип салган.

Жергиликтүү тургундар күйөөсү нараак барып аялы челектен чыга албай отурганын карап турганын, ошол маалда тез жардам келип калганын айтышты.

Аялдын азыркы тагдыры эмне болгону белгисиз.

 

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12533



Добавить комментарий