"Джунда" заводу: Тарыхый коргондор бизге чейин эле мал сарай жана дааратканаларга булганган

16 март 2018 19:05 827 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 16-мартта “Чайна Петроль Компани “Джунда” мунайды кайра иштетүүчү компаниясы жоопкерчилиги чектелген коому заводдун аймагында жайгашкан тарыхый эстеликтер - биздин кылымга чейинки V-III кылымдагы көрүстөндөр ишкана ишин баштаганга чейин эле бузулганын маалым кылды. Бул тууралуу Barometr.kgге компаниянын басма сөз катчысы Алмаз Чокморов билдирди.

Компаниянын кабарында айтылгандай, коргондор “Джунда” келгенге чейин эле бузулган, анан калса компания берген маалыматка караганда коргондорго жанаша коомдук дааратканаларды салып алышкан.

Эскерте кетсек, Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекция буга чейин “Джунда” заводунун убактылуу пайдалануусуна берилген жер участогунун аймагында жайгашкан “Кара-Балта коргон көрүстөндөрү” тарыхый-маданий мурасы жок болуу коркунучунда турганын кабарлаган.

 Ошондой эле ведомство аталган инспекциянын жерди пайдаланууга көзөмөл боюнча башкармалыгынын башчысы  Айнур Кенжебаева “Джунда” КРнын Жер кодексин жана “Тарыхый-маданий мурастарды колдонуу жана коргоо жөнүндө” мыйзамды талаптарын аткарбай жатканын айткан видеону жарыялаган.

Компания өзүнүн маалыматында видеодо А. Кенжебаева “№ 7  коргон бузулду” деп ошол эле маалда анын жарым жартылай бузулган абалын көрсөтүп жатканын белгилейт. 

"Мунайды кайра иштетүүчү завод курулганга чейин эле № 7 жана 8  коргондор талкаланган. Бул  “Кара-Балта шаарынын коргон көрүстөндөрүн коргоо аймактары” долбоорунда тастыкталган. Жайыл районунун аймагында 12 коргон болсо, анын төртөө гана компаниянын пайдалануучу аймагында жайгашкан. Бул № 9, №10, №11 жана №12 коргондор.    Кенжебаева айткан №7 коргон эмес.  Жогоруда аталган коргондор бүтүн бойдон турат, алардын аймагына жакын 50 метрлик радиуста эч кандай курулуш иштери жүргүзүлгөн жок жана жүргүзүү пландалган дагы жок”,-деп айтылат компания берген маалыматта.   

Андан ары карай “Мамлекеттик экотехинспекциянын маалыматында “инспекторлор заводдун жетекчилигине бир нече ирет эскертүү берген” деген маалымат чындыкка коошпойт, анткени эч кандай эскертүү берилген эместиги айтылат. Бир аз мурда  Мамлекеттик экотехинспекция тарабынан берилген эскертүү КРнын мыйзамдарына туура келбегендиктен кайра артка кайтарылган.   

“Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекция жетекчилиги эскертүүнү жараксыз деп тапканына карабай, Кенжебаева заводдун жетекчилиги аталган ведомствонун коргонду тосмого алуу боюнча эскертүүсүн аткарбай жатат деп айтууда. Мындай жагдайда эгерде Экологиялык инспекция өзүнүн эскертүүсүн жараксыз деп таап жатканда, ал эми башкармалыктын башчысы Кенжебаева аны аткарылышын талап кылып жатканда эскертүүнү аткарбай коюу тууралуу кандайча сөз болмокчу.    

Бизди башка суроо - эмне үчүн инспектор Кенжебаева Айнур   бир эле тандап алган коргондун абалы тууралуу айтып, калган 11 коргонду көрсөтпөдү деген суроо кызыктырат. Буга чейин аталган аймакта ипподром жайгашкан жана коомдук иш-чараларды өткөрүш үчүн № 6  коргонго жанаша коомдук даараткана курулган. Анан калса № 4,5,6,7,8  коргон аймактарынын жанына азыркы учурда мал сарайлар жайгашкан. Бизге эмне себептен тарыхый коргондор тууралуу маалыматты туура эмес берип жатканы белгисиз болууда”,-деп билдиришти компаниядан.   

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12528



Добавить комментарий