Сахада асмандан алтын жана платина жаады

15 март 2018 15:18 2672 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын Саха республикасынын борбору Якутск шаарында асмандан алтын жааган. 

Якутск шаарындагы аэропорттон учкан Ан-12 учагын абага көтөрүлгөн кезде сол жак люгу ачылып кеткен жана асмандан баалуу металдар чачылып түшкөн.

Алар атайын жүк менен бара жаткан алтын жана платина куймалары экени белгилүү болду.

Бул окуядан кийин экипаж Якутскнин аэропортуна кайтып келүүнү чечкен жана Маган кыштагындагы аба майданына аман-эсен конгон.

Учурда окуяны укук коргоо органдары көзөмөлгө алды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12481



Добавить комментарий