Башка планеталыктын сөөгү талаш-тартышты пайда кылууда (фото)

15 март 2018 11:48 2062 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Перуда табылган үч манжалуу мумиянын тегерегинде талаш кызыды. Айрым окумуштуулар аны адам дешсе, башкалары бөтөн планетадан келген жандык дешүүдө. 

Россиялык профессор Коротков анын Перудагы кесиптештери тапкан мумияны изилдеп чыккан. Окумуштуу “бул таң калардык табылганын жашы 6500 жылды түзөт”,-деп билдирди.    

Томографиялык сүрөттөрдө анын сөөктөрү, буту-колу, көзү, оозу даана көрүнөт. Териси да, анын химиялык курамы да адамдыкына окшош. Ошондой эле ДНКсы дагы адамдыкындай 23 жуптан турат. Бирок бул мумия адам эмес дегендер андан көп. 

Башка бир адис, доктор Эдсон Виванко “бул адам эмес, анын баш сөөгү да адамдыкы эмес, башка планетадан келгени анык” деп жатат.   

Эскерте кетсек, Наскадан табылган мумия тууралуу алгачкы сүрөттөр өткөн жылы июнь айында жарыяланган. 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12464



Добавить комментарий