Базар-Коргон районунда жер көчкүдөн эки адам каза тапты. Президент көңүл айтты

24 апрель 2017 14:02 489 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад областынын Арсланбап айылында болгон жер көчкүнүнүн кесепетинен каза тапкан жарандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты жана аларга материалдык көмөк берүүнү тапшырды.

Ошондой эле мамлекет башчысы Саламаттыкты сактоо министрлигине жаратылыш кырсыгынан жабыр таркандарды дарылоо маселесин өзгөчө көзөмөлгө алууну табыштады.

Эскерте кетсек, 23-апрелде Базар-Коргон районунун Арсланбап айылында жер көчкү түшкөн. Тоонун четиндеги жер жылып тоонун булагына түтүктөрдү салып жүргөн төрт адамды басып калган. Эки киши каза тапкан.

Ссылка: https://barometr.kg/content1246



Добавить комментарий