Жер алдындагы үч күн. Жыргалаң кенинде калган шахтерлор куткарылды

24 апрель 2017 15:02 324 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Ысык-Көл областынын Ак-Суу районундагы Жыргалаң көмүр кенинде урандынын алдында калган шахтерлор куткарылды”,- деп кабарлашты бүгүн, 24-апрелде Ысык-Көл областындагы өкмөттүн атайын өкүлчүлүгүнөн.

Эскертке кетсек, буга чейин 22-апрелде саат 17.35те Жыргалаң кениндеги шахтада таш кулап, кырсыктан улам шахтерлор Кайрат Догоев менен Азамат Тойматовдор жер алдында калып калышкан.

“Жабырлануучуларды аман алып чыгышты”,- деп кабарлашты өкмөттүн өкүлчүлүгүнөн.

Ссылка: https://barometr.kg/content1240



Добавить комментарий