Канат Исаев ыңгайсыздык жаралгандыгы үчүн элден кечирим сурады
Көк бөрү федерациясынын президенти, ЖКнын депутаты Канатбек Исаев кечирим сурады. Бул тууралуу Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Исаевдин айтымында, Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн көк бөрү оюну коомчулукта чоң талкуу жараткан. Көк бөрү федерациясынын жетекчиси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, оюнду көрүүгө 15 миңден ашуун адам келгенин кошумчалаган. “Болгону 4,5 миң билет сатылган. Ат майданында 15 миң көрүүчүнү батырчу орун жок. 20 жыл ичинде ат майдандын ээлери ири масштабдагы оюндарды өткөрүү үчүн эч кандай иштерди жасашкан эмес”,-деп жазылат билдирүүдө. Ошондой эле Исаев 20 жыл мурун 57 гектар жерди ээлеген ат майданы болгону 814 миң сомго мыйзамсыз сатылып кеткенин кошумчалаган. “Учурда ат майдандын базардагы баасы 57 миллион доллардан ашат. Ат майданынын ижарасы үчүн гана 500 миң сом төлөдүк. Ал жерди мамлекеттин менчигине өткөрүү маселесин 2011-жылы эле көтөргөн элем. Ошондон тарта бир нече сотторду утуп чыктым, жакын арада борбордогу жалгыз ат майданы мамлекетке өтүшү үчүн болгон аракетимди жумшайм. Ыңгайсыздык жаралгандыгы үчүн элден кечирим сурайм”,-деди Канат Иасев.
Ссылка: https://barometr.kg/content1230
Добавить комментарий ×