Кыргызстандыктардын күн сайын беш саат бош убактысы бар

7 март 2018 15:34 699 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандыктардын күн сайын беш саат бош убактысы бар. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдады.

Негизинен өлкө аймагынын тургундары бош убактыларын телевизор көрүү менен өткөрүшөт.

Шаардыктар спортко аптасына үч саат убакыт бөлөт, ал эми айылда  аптасына бир жарым саат спортко көңүл бурушат.

Эркектер аялдарга караганда спорт менен беш эсе көп машыгат.

Кыргызстандыктар китеп окууга аптасына эки сааттан убакыт бөлөт. Китепти эң көп окуган аймак Талас, ал эми аз окуган аймак Баткен областы болуп табылды.

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12274



Добавить комментарий