“Электр станцияларынын” техникалык директору Алмаз Жусупбеков кармалды
Бөлүшүү:
УКМК “Электр станцияларынын” техникалык директору Алмаз Жусупбековду кармады. Ведомство берген маалыматка таянсак, ага карата Бишкек ТЭЦиндеги от казандарды оңдоо жөнүндө ишке байланыштуу буга чейин кылмыш иши козголгон. Жусупбеков УКМКнын абагына камалды.
Техникалык директор камалганга дейре ишкананын директорунун орун басары Бердибек Боркоев кармалган. Ал жылытуу мезгилине ТЭЦти даярдаш үчүн бөлүнгөн ири сумманы уурдап алган деп шектелүүдө.
Бишкек ТЭЦинде 26-январда жарылуу болгон. ТЭЦтин эски бөлүгүндө жабдуу жарактан чыккандыктан шаар тургундары бир аптага жакын жылуулугу жок отурган.
Ссылка: https://barometr.kg/content12262
Добавить комментарий ×