Каймак майдын сапатын кантип аныктоо керек?

19 май 2022 10:18 948 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Каймак майдын сапатын кантип аныктоого болот. Бул үчүн кожойкелерге жөнөкөй тестти жүргүзүү талап кылынат. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Бир аз бөлүк каймак майды стаканга саласыз жана ага кайнак суу куясыз. Андан кийин кайнак сууга бир бөлүк майды аралаштырасыз. Накта май сууда толук ээрип, суунун өңү саргыч болуп калат жана стакандын түбүндө эч кандай катмар калбайт. 

Анда бул накта май жана аталган фирманын майын көп колдонсоңуз болот. 

Эгерде түбүндө калдык калса, суунун өңү өзгөрүлбөсө анда продукция маргарин кошулган же жасалма каймак май болуп эсептелет.  

Ссылка: https://barometr.kg/content12261



Добавить комментарий