Исхак Масалиев эл аралык тажрыйбанын кылдаттыктары тууралуу билди

6 март 2018 17:05 619 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 6-мартта Бишкек ТЭЦинде болгон аварияны иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев энергетиктер айткан сөздү түшүнгөн жок же түшүнгүсү келген жок.

Мисалы ага ТЭЦти жаңылоодо баардык талап кылынган нормалар сакталды деген жооп жаккан жок.

Ошондой эле ал нааразы болгон түрдө “Эмне үчүн ТВЕА  Кыргызстанга 20 млн доллар грант берди?” деп сурады. Депутат ошондой эле насыя келишими англис тилинде түзүлгөнүнө нааразы болду.

Аны айтса да, муну айтаса да укпай жаткан депутатка экс-каржы министри  Ольга Лаврова  эл аралык деңгээлдеги документтерге англис тилинде кол коюу кабыл алынганын түшүндүрдү. 

“Бул эл аралык тажырыйба. Англис тилиндеги келишимге Кыргызстан ТВЕА менен гана эмес башка каржы институттары менен дагы кол кйогон”,-деп түшүндүрдү ал.

Өз кезегинде депутат Осмонбек Артыкбаев Масалиевди жаман нерселерди гана издебегенге чакырып өттү.

“Кыйкым издесе табыла берет. Бирок бул жерде андай эмес, Бишкек ТЭЦин жаңылоо керек болгон, бул туура жана манилүү чечим эле. Грантка келе турган болсок, сиз дүйнөлүк практикада өз шериктештерине колдоо көрсөтүү норма катары эсептелерин түшүнүшүңүз керек. ТВЕА ири инвестициялык потенциялы бар компания катары Кыргызстанга колдоо көрсөттү”,-деп түшүндүрдү Артыкбаев.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12234



Добавить комментарий