Авазов: ТЭЦти жаңылабасак элдин жарыгын эмгиче өчүрүп турмакпыз

6 март 2018 16:44 648 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги ТЭЦти модернизациялоодон өткөрбөгөндө бүгүнкү күндө Кыргызстан сезилерлик электр энергиясынын тартыштыгына кабылмак. Бул тууралуу бүгүн 6-мартта депутаттык комиссиянын жыйынында “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Саладин Авазов  билдирди. 

"Жылуулук станциясын жаңылабасак, учурда электр энергиясынын тартыштыгы 100 мегаватт болмок. Жаңылоо бүткөнгө чейин электр энергиясын көп колдогон убакта чектөө киргизилип турчу. Ал эми суу аз болгон жылдарда 15 пайыздык чектөө гана эмес, коңшулардан 8 центтен электр энергиясын сатып алып турчубуз.Учурда жаңыланган ТЭЦ 300 мегаватт электроэнергиясын иштеп чыгып жатат”,-деп айтты ал.   

Белгилей кетсек, КР ЖКда Бишкек ТЭЦинин авариясынын себептерин иликтөө боюнча депуттык комиссиянын жыйыны өтүп жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12231



Добавить комментарий