Бишкек ТЭЦинин экс-директору: Президент келерде косметикалык ремонт жасашты
Бүгүн, 6-мартта депутаттык комиссиянын жыйынында Бишкек ТЭЦинин экс-директору Нурлан Омуркул уулу Бишкек ТЭЦинин имаратын оңдоого 2015-жылдан тартып каражат бөлүнбөгөнүн мойнуна алды.
Ал баш калаадагы жылуулук электр станциясынын имаратына канча убакыттан бери ремонт жасала электигин айтты.
“Президент келердин алдында гана косметикалык ремонт жасалды. Биз тендер өткөрдүк деп кат жаздык. Бирок 6-ноябрда кат келди. Иш аткаруучулар бир айдай иштеп, бирок бүтүрө албай калышты”,-деп айтты ал.
Мындан тышкары экс-директор ТЭЦтеги авария анча чоң эмес экенин жана ал кантип болгонун айтты.
“Сыртта суук болгон кезде от казандардын тоңуп калбашы үчүн иш-чаралар жүргүзүлүүгө тийиш болчу. Көмүр жана суунун чыгашасы көбөйгөн. Бир гана блок иштеп жаткан. Суу жетпей калды жана авария болду. Бул анча чоң эмес авария. Ошондой эле от жагуучу жерде чатыр жок, суу тоңуп калгандыктан иштебей калды”,-деп айтты Омуркул уулу.
Белгилей кетсек, КР ЖКда Бишкек ТЭЦинин авариясынын себептерин иликтөө боюнча депуттык комиссиянын жыйыны өтүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content12228
Добавить комментарий ×