Уятсыздык чегинен ашып кетти. "Ар-Намыс" Бишкек ТЭЦиндеги аварияны каршылаштарынан өч алуу үчүн колдонгонбу?

6 март 2018 15:54 2154 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Barometr.kgнин редакциясы Бишкек ТЭЦинде болгон авариянын айланасында ЖМКда болуп жаткан маалыматтар боюнча жеке иликтөөсүн жүргүздү.

Эскерте кетсек, 26-январда саат 18:00дө Бишкек ТЭЦинде авария катталган жана анын кесепетинен шаар тургундары жылуулугу жок калышкан.  

Кийинчерээк парламентте авариянын жагдайларын иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

Barometr.kgнин журналистти жеке өзү Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча теманы алгачкы сүйлөшүүдөн тартып объектини эксплуатацияга бергенге чейин чагылдырган эле. Ошол эле маалда ТЭЦтеги авариядан кийин айрым адамдар коомчулуктун көңүлүн атайлап эле авариянын реалдуу жагдайынан буруп, элге жылуулук станциясынын бузулушуна ким күнөөлүү деген субъективдүү пикирлерин таңуулашканын байкады.

Адегенден авария болгондон кийин бул адамдар “Бишкек ТЭЦинин жаңыланган бөлүгү бузулду” деп калкты активдүү түрдө адаштыра башташты.

Кийинчерээк авария ТЭЦтин эски бөлүгүндө болгону аныкталгандан кийин, ушул эле адамдар элдин аң-сезимин кылдат манипулияциялап, алар өкмөт мүчөлөрү болуп турган учурда “Бишкек ТЭЦин жаңылоого Кытайдын ТВЕА компаниясы менен келишим түзбөгүлө дегенбиз, акчанын баары шамалга кетти” дегендей комментарийлерди бере башташты.

Алар атайлап эле анык бир тараптарды каралоого аракет жасашты. Негизинен коомчулукту “ТЭЦ начар модернизациялангандан улам авария болду, 386 млн доллар насыя туура эмес коротулду” деп ынандырууга аракет кылышып, андан соң компаниянын кызыкчылыктарын кандай коргошконун кенен-кесири айтып чыгышты.

Таң калыштуусу көшөгө артынан башкарылган мындай жем таштоого депутаттык комиссиянын мүчөлөрү дагы илинип калышты. Кеп чындыгында келгенде буга бир да маселени тереңдеп изилдей албаган популист депутаттар илинди.

Уятсыздык чегинен ашып кетти

 

Barometr.kgнин журналистине мунун артында ким турары жана кандай максаттарды көздөп жатышканы кызык болду. Жыйынтык баары күткөндөн дагы ашыкча болуп кетти.

Белгилүү болгондой бул күндөрү «Ар-Намыс» фракциясынын мурдагы депутаттары элдин аң-сезимине ойногон. ТЭЦте болгон аварияны алар каршылаштарынан өч алыш үчүн гана уятсыз түрдө пайдаланышкан.

2013-жылы фракция парламенттин жыйынында ачык түрдө Кытайдын башка компаниясы болгон СМЕСтин кызыкчылыгын колдоп чыккан, аталган компания анда Бишкек ТЭЦин модеринизациялоого талапкер болуп жаткан.

Мунун баары 2012-жылдан тартып окуялардын хронологиясын чогулткандан кийин белгилүү болду.

“Бул маселенин кимге кереги бар эле?” деген башкы суроого жооп бериш үчүн адегенде бул адамдарды ким бириктирип турат жана чындап келгенде алар эмнеге жетишүүнү көздөшкөн дегенди иликтеп көрөлү.

Белгилүү болгондой анын баары «Ар-Намыс» партиясынын тарапташтары болуп чыкты.

Мисалы, бул өнөктүктүн баарын алгачкы болуп КСДПдан депутат, парламенттин отун-энергетика боюнча комитетинин башчысы Кожобек Рыспаев баштаган. Ал ТЭЦ авария болгондон соң үч күндөн кийин гана ал жерге барып, дароо эле журналисттерге баарына ТВЕА күнөөлүү деп маалымдаган. Бирок ал эмнеге күнөөлүү экенин ал так айтып бере алган эмес жана болгону биз эскерткенбиз деп айтып, анан өзүнүн сөзүн оңдоп башынан тартып эле  ТВЕА менен келишим түзүүгө каршы болгонун билдирген. 

Кийинки күнү ЖМКга экс-вице-премьер Валерий Диль өзүнүн “экстрасенсордук мүмкүнчүлүктөрү” менен бөлүшүп, “мына ушундай болорун билгем”,- деп чыкты. 

Андан соң депутаттык комиссиянын жыйынына Ольга Лаврова келип, Диль менен Рыспаевдин сөзүн сөзмө-сөз кайталады. Өткөн жыйында дагы бир башка депутат Акылбек Жапаров мурдатан жаттап алган текстин айтты. Ал ошол маалда «Ар-Намыс» фракциясынын квотасы боюнча Каржы министри болуп турган.

Лаврова жана Диль «Ар-Намыс»  фракциясынын квотасы боюнча өкмөт мүчөлөрү болуп дайындалышкан. Ал эми Рыспаев буга чейин «Ар-Намыс» фракциясынан депутат болуп келген. 2015-жылы гана ал парламентте КСДПнын курамына өткөн.   

Андан кийин аренага башка бир депутатты-Акылбек Жапаровду кое беришти. Өткөн жыйында Жапаров дагы буга чейин жатталган текстти кайталады. Ал ошол эле квота менен «Ар-Намыс» фракциясынан Каржы министри болгон.

 "Ар-Намыс" СМЕСти ачык колдогон бул жашыруун маалымат эмес болчу, ошол маалды бул теманы чагылдырган ар бир журналист фракция депутаттары СМЕСтин кызыкчылыктарын коргоп кантип жанталашканын майда-чүйдөсүнө чейин билет.

“Ар-Намыска” мунун баарынын эмне кереги бар эле?

Болжолу алар кызыкчылыгын колдогон компания заказ албай калганга баарын ызы-чуу кылгылары келип жатышы ыктымал.

Фракция эч кандай пайда көрбөй эле Кытайдын компаниясынын кызыкчылыгын сүрөшү да кыйын.

Депутаттардын чет өлкөгө иш сапары үчүн ТВЕАга тапшырма беришкени чындыкпы?

Архивдик документтерде депутаттар ТВЕА үчүн гана эмес, СМЕС үчүн дагы барышканы тууралуу ырастама сакталган.

Документте мындай депутаттардын тизмеси жазылган, бул тизмеде “Ар-Намыстан” эки депутаттын фамилиясы бар. СМЕС аларды Түркиянын Измир шаарына компаниянын ишмердиги менен тааныштыруу максатында алып барган.

Модернизацияны качан, ким колдогон? 

Депутаттык комиссия редакцияга берген архивдик документтерге таянсак, ТЭЦти жаңылоо боюнча алгачкы сүлөшүүлөр 2012-жылы эле  башталган, ал кезде Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов болгон.  

Кол тамга коюлган жана мөөрү бар документтердин негизинде гана (кызматтык колдонуу үчүн) хронологияны калыбына келтирдик. Документтердин көчүрмөсүн депутаттык комиссия берди.

Анда төмөндө хранология менен таанышып чыгыңыз:

2012-жылы өкмөт ТЭЦти жаңылоого инвестор издей баштаган.

Инвесторлор дароо эле табыла койгон жок.

Негизинен Россиянын "Интер РАО ЕЭС" компаниясы жылына 15 пайыздык үстөк менен коммерциялык насыя сунуштады, бирок анын ордуна «Бишкек жылуулук түйүндөрүн» жеке менчикке берүү талабын койду. Негизги талап жылуулукка карата тарифтерди көтөрүү болду.

Ошондой эле Кытай тарап жылына 1 пайыздык үстөк менен жеңилдетилген насыя сунуштады.

Шарты-иш аткаруучу уюм Кытайдын компаниясы болуш керек дешти.

Өкмөттүк деңгээлде кытайлык тараптын сунушун кабыл алуу чечими жактырылды, анткени россиялык тарап сунуштап жаткан жылуулукка бааны кымбаттатуу талабы ишке ашса коомчулуктун чыңалуусун пайда кылмак.

Эки кытайлык компания ТЭЦти жаңылаш үчүн кантип кармашты?

2012-жылы 26-сентябрда Кытайдын «СМЕС» мамлекеттик компаниясынын өкүлдөрү Бишкек ТЭЦи менен объекти модернизациялоо долбоорун ишке ашыруунун алкагында таанышып чыгышты.   

2012-жылы 28-ноябрда СМЕС “Электр станциялары” ачык акционердик коомуна модернизациялоо боюнча техникалык тапшырма берди.

2012-жылы 3-декабрда “Электр станциялары” СМЕСтен каржылык шарттарды жазып берүүнү сурады.

2012-жылы 6-декабрда “Электр станциялары” менен СМЕСтин ортосунда кызматташтык жөнүндө протоколдун долбооруна кол коюлду.

СМЕС менен бир катарда эле “Электр станциялары” Кытайдын башка бир ТВЕА компаниясы менен 2013-жылы 1-февралда меморандумга кол коюшкан.

2013-жылы 13-февралда “Электр станциялары” СМЕСтен кат алышкан, анда мындан ары компаниянын атынан Казакстандагы компаниянын өкүлүнүн башчысы Ербол Етекбай сүйлөшүү жүргүзөрү айтылган.

Өз кезегинде СМЕС бир нече шарт койгон, анда айтылат:

·        Кытайдын каржы институттары тарабынан 10 жылдык мөөнөткө насыя берүү;

·        тапшырык берүүчүгө долбоордун баасынын 15 пайызын алдына ала төлөп берүү;

·       электр энергиясын экспорттоодон түшкөн акчаны күрөөгө кармап туруу.   

Үчүнчү пунктта “жарыла турган мина” бар болчу, Кытайдын СМЕС компаниясы Кыргызстан Казакстанга электр энергиясын экспорттоону талап кылган, ал эми түшкөн каражат күрөө катары алардын эсебине которулуп турмак.   

Кийинчерээк ЖМКда СМЕСтин өкүлү Ербол Етекбаевдин банк насыяларына байланышкан алдамчылыкка карата козголгон кылмыш ишинин негизинде Казакстанда кармалгандыгы тууралуу байланышкан чатак кызыган.   

Ошого карабай CMЕС менен сүйлөшүүлөр улантылган.   

2013-жылы  20-февралда “Электр станциялары” техникалык сунуштун иштелип чыккан вариантын алган. Бирок документтин каржылык бөлүгү болгон эмес.   

2013-жылы  20-мартта ТВЕА “Электр станцияларына” Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча техникалык сунушту жөнөткөн жана компания Кытайдын “Эксимбанкынан” жеңилдетилген насыя алуунун алдан ала шарттарын айткан.   

2013-жылы 19-апрелде ТВЕА долбоордун каржылык шарттарын жана 396 млн. долларлык баа сунушун жөнөткөн. 

2013-жылы 29-апрелде ТВЕА 396 млн. доллар суммага каржылык шарттарды жана баа сунушун киргизген.  

2013-жылы 28-майда өкмөттө ТВЕАнын сунушун кабыл алуу тууралуу чечим чыккан. 

Эмне үчүн СМЕС тапшырык алган эмес жана ким ТВЕАны колдогон?   

2013-жылы 6-майда Кыргызстандагы Кытайдын элчилиги  КРнын министрлер кабинетине кат жөнөткөн. Анда Кытай   ТВЕА компаниясын кытайлык компаниялардын арасынан Бишкек шаарынын ТЭЦин жаңылай турган жалгыз аткаруучу катары сунуштары айтылат. 

Ал кезде Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри болуп Автандил Калмамбетов иштеп турган.   

2013-жылы 28-майда өкмөт ТВЕАнын сунушун кабыл алуу жөнүндө чечим кабыл алган.   

2013-жылы 11-июлда Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен ТВЕА долбоорду ишке ашыруунун баасын  396 млн доллардан  386 млн долларга чейин арзандатуу боюнча макулдашууга жетишкен. 

2013-жылы 16-июлда ТВЕА менен “Электр станцияларынын” ортосунда  386 млн долларга келишимдик сунушка кол коюлган. 

2013-жылы 2-августта СМЕС Бишкек ТЭЦин 356 млн. долларга жаңылап берүү боюнча сунуш киргизген. 

Бирок кийинчерээк белгилүү болгондой, СМЕС компаниясы  ТВЕАнын техникалык сунушун уурдап алганы жана ал жерден эки позициясын чийип салганы белгилүү болгон, ошондуктан алар сунуштаган сумма арзан болуп калган. 

Атаандаш компания грамматикалык каталары менен жазылган техникалык тапшырманы өздөрүнүн каржылык шарттары катары жөнөткөн. Абдан маанилүү блоктор чийилип тышталган, аларсыз ТЭЦти жаңылоонун мааниси дагы калмак эмес. 

2013-жылы 6-сентябрда элчилик КЭРдин атынан ТВЕАны Кытайдын башка компанияларынын арасынан Бишкек шаарындагы ТЭЦти жаңылоочу жалгыз компания катары сунуштай турганы тууралуу катты кайрадан жөнөткөн.    

2013-жылы  11-ноябрда  КЭРдин Кыргызстандагы элчилиги ТВЕАны гана сунуштай турганы тууралуу катты кайрадан жөнөткөн. Ал жерде мындан тышкары буга байланыштуу башка кытайлык компаниялар, анын ичинде  СМЕС долбоор боюнча кандайдыр бир сүйлөшүү жүргүзүүгө укугу жок деп баса көрсөтүлгөн. 

2013-жылы 28-ноябрда Кытайдын элчилигинен кайрадан кат келген  жана анда ТВЕАны жалгыз заказчик катары сунуштарын, ал эми  СМЕС  мамлекеттик компания катары КЭРдин мамлекеттик кенешинин чечиминне баш ийбей кое албасы жана долбоорго катыша албасы айтылат.   

Хронологияга ылайык ТВЕАны Кытай колдогон.

Бишкек ТЭЦин Кытайдын ТВЕА компаниясы тарабынан модернизациялоо жөнүндө документтерге ким кол койгон?

2013-жылы 23-майда Энергетика жана өнөр жай министрлиги тарабынан ТВЕАнын сунушун кабыл алуу боюнча чечим кабыл алынган.

2013-жылы 11-сентябрда Кыргызстандын өкмөтүнүн атынан Каржы министрлиги менен "Эксимбанктын" ортосунда 386 млн доллар келишимдик насыя боюнча  келишимге кол коюлган.

2013-жылы насыялык келишим Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган.

2013-жылы 23-декабрда президент тарабынан  Кыргызстандын өкмөтү менен "Эксимбанктын" ортосундагы 386 млн долларлык жеңилдетилген насыяны ратификациялоо боюнча насыялык келишим жөнүндө мыйзамга кол коюлган.

 

 

 

 

 

  

 

  

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12225



Добавить комментарий