Жер көчкү жүрчү аймактардан элди убактылуу башка жерге жайгаштырышууда
Бөлүшүү:
Ош жана Жалал-Абад областарында жер көчкү жүрчү кооптуу аймактарда жергиликтүү тургундарды убактылуу көчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Тиешелүү жарлыкка ӨКМнын башчысы Кубатбек Боронов кол койгонун министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Учурда Базар-Коргон, Аксы жана Сузак райондорунан 160 үй-бүлө убактылуу башка аймактарга көчүрүлдү.
ӨКМ жана жергиликтүү органдар кооптуу аймакта жашаган 180 үй-бүлөнү көчүрүп чыгыш үчүн электр жарыгын өчүрүп, жолдорду жабууга мажбур болушкан.
Ссылка: https://barometr.kg/content12206
Добавить комментарий ×