Ош базарында эки кабат соода борбору өрттөндү

6 март 2018 10:29 1155 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 5-мартта Ош базарында болгон өрттүн себебин лаборатория аныктайт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.

5-мартта саат 21:07де Киев жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Сейтек» чакан базарында өрт чыккан. Өрт 700 чарчы метр аянтты ээледи.

Саат 22:13тө өрт жоюлуп, 00:40ка карай толук өчүрүлдү. Жабыркагандар жок. Эки кабат соода борбору толугу менен өрттөнүп кетти.

Чыгым такталып жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12203



Добавить комментарий