13 миллион кишиден турган бир чоң үй-бүлө аныкталды
Генетиктер атайын изилдөөдөн кийин бир атадан тараган, учурда Европа, Америка, Австарлия жана Түштүк Африкада жашап жаткан генелогиялык даракты, тактап айтканда үй-бүлөнү аныкташты. Бул адамдардын түпкү атасы Жерде 65 муун мурда жашаган экен. Бул тууралуу Science журналына жарыяланды.
“Бул үй-бүлөгө таандык адамдардын туугандык байланышы гана болбостон, аларда узак жашоочулардын гени бар экени да аныкталды. Орточо алганда бул тукумдун адамдары башкаларга салыштырганда 5 жылга узагыраак жашайт”,-дейт АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Колумбия университетинин окумуштуусу Янив Эрлих.
Аталган үй-бүлөнүн түпкү атасы саякатчы Христофор Колумб улуу географиялык ачылыштарды жасап жүргөн маалда жашап өтүп, анын укум-тукуму азыр, АКШ, Канада, Британия, Австралия жана Жаңы Зеландия менен Түштүк Африкада жашап жатышканы белгилүү болду.
Ссылка: https://barometr.kg/content12174
Добавить комментарий ×