Дудук жигит үчүн коңшулары жаңсаган тилди үйрөндү (фото)
Кулагы укпаган жана сүйлөй албаган Мухаррем аттуу Стамбул шаарынын тургуну эртең менен эрте туруп кимге жолукпасын анын жаңсоо тилинде сүйлөшкөндөрдү көрүп абдан таң калды. Жолуккандардын баары ага өз тилинде кутман таң деп учурашып, дүкөнгө кирсе дүкөнчү ага кайсы рогаликти сатып аларын жаңсап айтып, таксиге түшсө жана автобуска отурса да, колунан жемишин түшүрүп алса да баары анын “тилинде” сүйлөштү.
Ал үчүн мындай “кереметти” Түркиядагы Samsung компаниясынын филиалы менен Leo Burnett жарнама агенттиги ишке ашырган.
Алар бир ай бою Мухаррем жашаган райондун тургундарына жаңсоо тилин үйрөтүп, окутуп чыгышкан. Алардын бул акциясы Түркиядагы көрүүсү начар жана угуусу начар адамдарга арналган кол-борбордун ачылышына байланыштуу эле.
Дудук жигит ал жашаган райондун тургундары аны менен сүйлөшүш үчүн убактыларын бөлүп барып тил үйрөнгөнүн билгенде көзүнүн жашын тыя албады.
Ссылка: https://barometr.kg/content12172
Добавить комментарий ×